БШК Төрагасы региондордун атайын өкүлдөрү менен жолугушту |
Бүгүн, 15-мартта КыргызРеспубликасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында КР БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов БШКнын облустардагы атайын өкүлдөрү менен чогулуш өткөрдү. Чогулушка БШК аппаратынын кызматкерлери жана Ысык-Ата, Аламүдүн, Алай, Кара-Суу, Ноокат, Аксы, Тогуз-Торо, Лейлек, Жети-Өгүз, Жумгал, Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссияларында иш алып барган атайын өкүлдөр катышты. Катышуучулар алдыдагы шайлоого карата уюштуруу жана техникалык даярдыктар менен байланышкан маселелерди талкуулашты. БШКнын төрагасы Т. Абдраимовдун шайлоону өткөрүүгө болгон даярды туралуу суроосуна, атайын өкүлдөр баардыгы толугу менен даяр экендигин билдиришти. Талкуу учурунда техникалык кызматкерлерди децентралдаштыруу максатында ар бир облуска жер жерлерде техникалык маселелер боюнча ыкчам консультация көрсөткөн жана жеринде системалык администраторлордун ишин координациялаган системалык администраторлордун координатору дайындалгандыгы белгиленди.
БШК Басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (1525). 15 Марта 2016 г. |