МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Тил боюнча комиссиянын кезектеги жыйналышы болуп өттү

Бүгүн, 2011-жылдын 22-сентябрында Жогорку Кеңештин имаратында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер  мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо максатында Тил боюнча комиссиянын кезектеги жыйналышы болуп өттү.

Жогорудагы комиссиянын мүчөлөрүнүн арасында өткөрүлгөн чучукулак боюнча кезектеги  жыйналышта Ош мамлекеттик университетинин ректору, филология илимдеринин доктору, профессор Исаков Каныбек Абдуваситович төрагалык кылды.

Жыйналыштын башталышында Тил боюнча комиссиянын төрагасы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер  Бакир уулу Турсунбайды жана Дыйканов Салморбек Карбозовичти “Тил боюнча комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 27-июлунда бекитилген №57 Жобосу менен тааныштырып кетти.

Андан ары, бекитилген Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге 30 мүнөттүк убакыттын ичинде өздөрүнүн шайлоо алдындагы программаларын жазуу түрүндө беришин талап кылды. Экинчи тапшырманы аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер  Бакир уулу Турсунбай жана Дыйканов Салморбек Карбозович өздөрүнүн шайлоо алдындагы программаларын оозеки түрүндө баяндап беришти. Үчүнчү тапшырмада -текстти көркөм окуп берүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер тандап алган белеттердеги тексттерди окушту.

Тил боюнча комиссиясы талапкерлердин тапшырган жазуу иштерин текшерип, шайлоо алдындагы программаларын оозеки баяндамасын, тексттердин көркөм окуусун угуп, төмөнкү корутундуну чыгарды: Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Бакир уулу Турсунбай жана Дыйканов Салморбек Карбозович – мамлекеттик тилди билишет.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын  Басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (2557). 22 Сентября 2011 г.