КР БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов брифинги өткөрүлдү |
Бүгүн, 27-мартта айрым айылдык жана шаардык кеңештеринин депутаттарын кезектеги жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат. Шайлоо 6 шаарда жана 21 айылда өтүп жатат. Шайлоого 24 саясий партия катышууда. Шайлоочулардын катышуусу азыркы саатка карата: Чүй облусу – 9.68%, Ысык-Көл облусу – 7.73%, Жалал-Абад облусу – 11.37%, Нарын облусу – 10.77%, Баткен облусу – 10.78%, Ош облусу - 5.6% жана Ош шаары -12.62% түздү. “Жалпысынан шайлоо штаттык абалда өтүп жатат, Ош шаары боюнча кээ бир мүчүлүштүктөр болду, шайлоочуларды идентификациялоо аппараты бузулуп, ошондуктан элдер бир жарым саат күтүп калыптыр, бирок кийинчирээк бул мүчүлүштүктөр жокко чыгарылды”, - деп БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов брифингде белгиледи. Төрага өз сөзүндө, эл аралык тажырыйбада жергиликтүү деңгээлдеги шайлоолорду уюштуруу президенттик же парламенттик шайлоону уюштурууга салыштырмалуу татаал деп эсептелинет. “Бул шайлоого 56 ар түрдүү бюллетень басылып чыгарылды. Айрым участкаларда бюллетендин узундугу 70 см.ге чейин жетти, мисалы, Милянфан айылында 11 мандатка 91 талапкер катталган”, деп төрага белгилеп кетти. |
Карап чыгуулар: (1490). 27 Марта 2016 г. |