ЕБнин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү, элчи Петер Буриан: "ЕБ Кыргызстандагы шайлоо реформасын колдоого кызыкдар". |
25-апрелде БШКнын төрагасы Нуржан Шайлдабекова Европа Союзунун Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү, элчи Петер Буриан менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө, БШКнын төрагасы элчиге Кыргыз Республикасындагы шайлоо тутумундагы реформалар тууралуу айтып берди. Ошондой эле шайлоо тутумун өркүндөтүү багытында жүргүзүлгөн иштер менен тааныштырды. Алдыда боло турган КРнын Президентин шайлоого карата даярдык, шайлоо процессине арналган коомдук эксперттик аянтчанын түзүлүшү тууралуу баяндады. Петер Буриан мындай деди: "ЕБ Кыргызстанга зор үмүт менен карап турат. Шайлоо тутумуна реформалар жүргүзүлүп, коомчулуктун ага болгон ишеними жогорулап жатканына күбө болдук. Алдыда боло турган президенттик шайлоодо азыркы шайлоо тутуму өтө ишенимдүү иштейт деп ишенгибиз келет. Бул өлкөгө туруктуулук жана калкка зор ишеним алып келет”. БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекова шайлоо реформасынын биринчи этабы өткөрүлдү жана ал шайлоо моделинин процедуралык модели бардык деңгээлде–жергиликтүү, парламенттик шайлоого референдумга киргизилгенин айтты. -Биз биринчи жолу аны президенттик шайлоодо байкайбыз. Азыркы учурда шайлоонуну бардык түрлөрүнө моделди унификациялоо жүрүүдө. Биз шайлоо процессине болгон комплекстүү мамилени өркүндөтүү ишин улантмакчыбыз-деп кошумчалады төрага. Борбор Азия боюнча Атайын өкүл шайлоо системасын колдоо боюнча өз максаттарына жетүү үчүн, максималдуу түрдө акыйкат жана бардык тараптардын ачык-айкын ишинин зарылдыгын белгиледи. БШКнын төрагасы эркин демократиялык шайлоолорду камсыз кылууга багытталган Кыргызстандын шайлоо тутумун колдоосу үчүн элчи Петер Бурианга ыраазычылык билдирди. Жолугушууга БШКнын төрагасынын орун басары А. Aбдрахматова, БШКнын мүчөлөрү Г. Журабаева жана Б. Кадыров катышты. БШКнын басма сөз кызматы
|
Карап чыгуулар: (1358). 26 Апреля 2017 г. |