МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Кыргызстанда шайлоо жана референдум өткөрүү мезгилине аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары, катчылары жана мүчөлөрүнө сый акы белгиленди

2017-жылдын 28-майында өтүүчү  айрым жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого даярдыктын алкагында БШКнын төрагасынын  аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары, катчылары жана мүчөлөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө БШКнын төрагасы Н.Шайылдабекова  жолугушуунун катышуучуларын  “Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары тууралуу”  мыйзамдын 22-статьясын ишке ашыруу максатында, 2017-жылы 26-апрелдеги  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен Аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары, катчылары жана мүчөлөрү шайлоо мезгилинде  сый акы белгиленгенин баяндап берди.

 Токтомго ылайык сый акыны төмөндөгүлөр алышат:

 -аймактык шайлоо комиссияларынын төрагасы жана катчысы 3500 сом,

-аймактык шайлоо комиссияларынын  мүчөлөрү 2500 сом,

-участкалык шайлоо комиссияларынын төрагасы жана катчысы   3000сом,

-участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү 2000сом

-участкалык шайлоо комиссияларынын  мүчөлөрү (автоматтык саноо урнасынын оператру)  3000 сом өлчөмүндө.

 КР БШКсынын төрагасы комиссия мүчөлөрүнө кайрылып, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтому  менен аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына сый акы төлөөнү, шайлоо комиссиясынын ролу менен миссиясын  түшүнүп,  мамлекеттик  жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына шайланууга жана шайлоого болгон жарандардын конституциялык укугун камсыз кылуу,  шайлоо процессин  мамлекет тарабынан колдоо катары  билсек болот деди.  

 БШКнын төрагасы  Н Шайлдабекова КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин 2013-жыл 22-майдагы “Кыргыз Республикасында шайлоо тутумун өркүндөтүү боюнча иш чаралары” аттуу Жарлыгында  Кыргыз Республикасынын Улуттук Туруктуу өнүгүү тутумундагы, “таза шайлоо –туруктуу өнүгүүнүн өбөлгөсү” деген маселенин астында жаңы шайлоо моделин түзүү, шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарынын негизинде идентификациялоо, автоматтык саноо урнасынын жардамы менен шайлоочулардын добушун саноо жолго коюлганын билдирди.

 Көрсөтүлгөн иш-чараларды ишке ашыруунун    аркасында  ар бир шайлоочунун эсебин алуу системасы түзүлдү, шайлоо процессин башкаруудагы коррупцияга негиз түзгөн тоскоолдуктар жоюлууда, ушул иштер бардык деңгээлдеги шайлоо процессине киргизилди.


 БШКнын басма сөз кызматы 

 

 

Карап чыгуулар: (1437). 10 Мая 2017 г.