Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматынын КР БШК аппаратынын штаттык расписаниеси жана атайын өкүлдөрүн, системдик администраторлорун дайындоо боюнча тактоосу |
2011 –жылдын 3-4 –августунда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын (мындан ары –Борбордук шайлоо комиссиясы) атайын өкүлдөрү үчүн семинар-тренинг өткөрүлдү. Аталган иш- чараны чагылдырууда айрым массалык маалымат каражаттары тарабынан так эместиктерге жол берилген. Тактап айтканда, “атайын өкүлдөрдүн штаттык санын КР Өкмөтү КР Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашып туруп бекитет, Жогорку Кеңештин ушул жылдын 15-августуна белгиленген кезексиз жыйналышында атайын өкүлдөрдөргө талапкерлер бекитилет. Системдик администраторлорду болсо аймактык шайлоо комиссиялары дайындашат” деген жаңылыш маалымат кетирилген. Мындан тышкары шайлоо алдындагы процесстин талкууга алынган маселеринин бири Борбордук шайлоо комиссиясынын штаттык санын көбөйтүү туурасындагы маселе болууда. Ушуга байланыштуу төмөнкү тактоолорду киргизебиз: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, КР Өкмөтү Жогорку Кеңештин профилдик комитети менен макулдашып туруп, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын чектелген штаттык санын бекитет. Жогорку Кеңештин депутаттары эмгек өргүүсүндө жүргөндүктөрүнө байланыштуу Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин корутундусун алууга мүмкүн болбой жатат. Ушул жылдын 15 –августунда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйналышын өткөрүү пландаштырылууда жана анда КР Жогорку Сотуна жана КР Жогорку Сотунун Констиуциялык палатасына талапкерлерди шайлоо маселеси каралат. Жогорку Кеңештин жыйналышынын жүрүшүндө парламенттин профилдик комитети Борбордук шайлоо комиссиясынын чектелген штаттык саны боюнча маселени кароосу мүмкүн. КР Өкмөтүнүн 2011 –жылдын 12 – июлдагы “Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары” жөнүндө Мыйзамын реализациялоо жөнүндө” №383 –токтомуна ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы мурда облустардын, райондордун, республикалык жана облустук баш ийүүдөгү шаар мэрияларынын, Бишкек шаар мэриясынын райондук администрацияларынын штаттык расписаниелеринде турган системдик администраторлордун өзүнүн штаттык расписаниесине киргизет. “КР БШК атайын өкүлү” кызматы КР шайлоо мыйзамдарына киргизилген жаңылыктарынын бири болуп саналат. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР Мыйзамында көрсөтүлгөндөй, атайын өкүл БШКнын төрагасы тарабынан тийиштүү шайлоо участогуна дайындалган Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкери болуп эсептелет. Республика боюнча 58 аймактык шайлоо комиссиялары түзүлүп жана иштеп жатканын эскерте кетели. Жогоруда айтылгандардан улам, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын штаттык саны Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын штаттык расписаниесине атайын өкүлдөрдүн жана системдик админстраторлордун киргизүүгө байланышкан жаңы шайлоо мыйзамдарынын нормаларын аткаруу үчүн көбөйтүлөт. Жаңы шайлоо мыйзамдарына ылайык, борбордук шайлоо комиссиясы ар бир аймактык шайлоо комиссиясында координациялык, уюштуруу–усулдук жана материалдык–техникалык камсыздоо, шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмесин жаңылап туруу жана тактоо иштерин жүргүзгөн атайын өкүлүн дайындайт. Атайын өкүл жана системдик администратор Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери болуп эсептелишээрин жана Борбордук шайлоо комиссиясыынын төрагасы тарабынан дайындалышаарын дагы бир жолу белгилей кетели. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” жана “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Мыйзамдарга ылайык, атайын өкүл мамлекеттик кызматкер болуп эсептелет. Атайын өкүлдүн иши Борбордук шайлоо комиссиясынын аппараты тарабынан камсыздалат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (1968). 6 Августа 2011 г. |