МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

2012-жылдын 25-мартына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чаралардын календарлык планы” бекитилди

Бүгүн 2012-жылдын 10-февралында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” 2012-жылдын 8-февралындагы №35 Жарлыгы чыккандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоону уюштуруу максатында КР БШК мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумун өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин
1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, “2012-жылдын 25-мартына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чаралардын календарлык планын” бекитишти.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону 2012-жылдын 25-мартына дайындоо мамлекет башчысынын “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жөнүндө” Жарлыгы менен байланышкан.

Жалпысынан Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2012-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим айылдык аймагынын айылдык кеңешинде, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык аймагынын айылдык кеңешинде жана Балыкчы шаардык кеңешинде, Ош облусунун Алай районунун Будалык айылдык аймагынын айылдык кеңешинде, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык аймагынын айылдык кеңешинде, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык аймагынын айылдык кеңешинде жана Кемин районунун шаардык типтеги Кемин поселкасынын поселкалык кеңешинде өтөт.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма-сөз кызматы

Карап чыгуулар: (1747). 10 Февраля 2012 г.