“Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө” жана “Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө” жоболору бекитилди |
Бүгүн, 12 августта Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн кезектеги жыйналышында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин аткаруу максатында, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн кароосуна “Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө” жана “Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө” жоболорунун долбоорлору киргизилген. Бул жоболор айыл өкмөт башчыларын жана шаар мэрлерин шайлоо тартибин аныктайт. Түшкөн сунуштар эсепке алынып көрсөтүлгөн жоболор бекитилди. Республиканын мыйзамдарына ылайык, айыл өкмөтүнүн башчыларын -жергиликтүү айылдык кеңешинин депутаттары, шаардын мэрин - жергиликтүү шаардык кеңешинин депутаттары берилген мөөнөткө жашыруун добуш берүү жол аркылуу шайлашат. Республиканын мыйзамдарына ылайык, айыл өкмөтүнүн кызмат ордуна талапкерди сунуштоо укугуна айыл кеңешинин депутаты, депутаттары ээ. Райондун мамлекеттик администрациянын башчысы - аким айылдык кеңешке айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди сунуштоого укуктуу. Мэрдин кызмат ордуна талапкерлерди сунуш укугуна шаардык кеңешинин депутаттык фракциялары жана Кыргыз Республикасынын Премьер - министри ээ. Шаарлардын мэрлерин шайлоону Борбордук шайлоо комиссиясы дайындайт, аймактык шайлоо комиссиясы өткөрөт. КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов белгилегендей, 233 айыл өкмөт башчыларын шайлоо быйылкы жылдын сентябрынын биринчи декадасында өткөрүлөт. Шаарлардын мэр кызматына бош орундар түзүлгөндүгүнө байланыштуу КР Борбордук шайлоо комиссиясы республиканын 17 шаарында шайлоону 2011-жылдын 27-августуна дайындады. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо учурунда керме жазууларын жана календардын тексттери бекитилди. Аталган шайлоо атрибуттары менен Кыргыз Республикасынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары камсыздалат. Жалал-Абад облусунун Ноокен, Ала-Бука, Аксы аймактык шайлоо комиссияларынын (АШК), Талас облусунун Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын, Бишкек шаарынын Свердлов аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизилди. Өзгөртүүлөр АШКлардын мүчөлөрүнүн арыздарынын жана Тоң району боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлүнүн баяндама катынын негизинде киргизилди.
КР Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (2419). 12 Августа 2011 г. |