МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

2013-жылдын 30-октябрында өткөн кээ бир айыл өкмөттөрдүн башчыларын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор бекитилди жана айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди

2013-жылдын 30-октябрында өткөн төрт айыл өкмөттөрдүн башчыларын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор бекитилди

 

Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Мамбеткеримов Акылбек Токтошович, Нарын облусундагы Жумгал районунун Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Нусубалиева Нурбюбю Бектуровна, Талас облусундагы Бакай-Ата районун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Батырбеков Омурзак Джалилович, Чүй облусундагы  Сокулук районунун Биринчи май айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Караталов Доктурбек Анарбекович шайланды.

Ошондой эле, келип түшкөн арыздарга байланыштуу, Борбордук шайлоо комиссиясы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын, Нарын облусунун Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын, Талас облусунун Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын, Ош облусунун Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын
басма сөз кызматы

 

 

Карап чыгуулар: (1734). 4 Ноября 2013 г.