МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча, шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилди

 

Бүгүн, БШКнын отурумунда, 2016-жылдын 15-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ош жана Нарын облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилди.

Отурумдун жүрүшүндө, 2016-жылдын 15,18 жана 22-мартында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилди.

Ошондой эле, Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя жана Нарын районунун Дөбөлү айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоосу, жаны талапкерлерди сунуштоо менен, 2016-жылдын 8-мартына дайындалды. Талас облусунун  Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жана Ыссык-Көл облусунун, Ак-Суу районунун Тепке айыл өкмөтүнун башчысын шайлоо, 2016-жылдын 13-апрелине дайындалды.

БШКга берилген арыздардын негизинде, мамлекеттик биримдик жана патриотизм «Бир бол» саясий партиясынан Жогорку Кеӊештин депутаттары Голобородько Ида Львовна жана Эсенгулова Рысббу көрсөтүлгөн тизмеден чыгарылды.

Пресс-служба ЦИК КР

Карап чыгуулар: (1479). 25 Марта 2016 г.