МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

КР БШКда жети Жумушчу топ түзүлдү

 2017-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү  жана өткөрүүнүн алкагында КР БШКда жети Жумушчу топ түзүлдү.

 Жумушчу топтун ишмердиги шайлоочуларды маалымат менен камсыз кылуу, талапкерлерге бирдей деңгээлде,  акыйкат шарттарды түзүүнү камсыз кылуу, үгүт иштерин жүргүзүүдө жарандардын шайлоо укугун сактоо, республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу пайдаланууну көзөмөлдөөгө багытталган.

БШКнын чечими менен төмөндөгүдөй Жумушчу топтор түзүлдү:

- Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө  шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын маалыматтар менен камсыз кылуу  маселелери  боюнча;

- Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө  шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө  боюнча;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерден жана анын ыйгарым укуктуу  өкүлүнөн каттоодон өткөрүү үчүн документтерин кабыл алуу боюнча;

- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум  өткөрүү процессинде шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз даттанууларын кароо боюнча;

 -КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөп-текшерүү тобу;

- Ыкчам чечим кабыл алуу  боюнча Координациалык топ;

- Каттоодон өткөрүү үчүн кол коюлган баракчаларды кабыл алуу жана текшерүү  боюнчаЖумушчу тобу.

 Топтун катарына КР БШКнын мүчөлөрү, КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери, эксперттер, мамлекеттик органдарынын, басма сөз коомчулугу жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирет.

КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Карап чыгуулар: (1280). 16 Июня 2017 г.