КР БШКда “Шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн ачык-айкындыгын камсыз кылуу, сапатын жакшыртуу үчүн аймактык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча коомдук комиссияларды түзүү” аттуу темада жумушчу кеңешме болуп өттү |
2012-жылдын 11-июлунда КР БШКда “Шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн ачык-айкындыгын камсыз кылуу, сапатын жакшыртуу үчүн аймактык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча коомдук комиссияларды түзүү” аттуу темада жумушчу кеңешме болуп өттү. Бул иш чарага саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү чакырылган, себеби Жобого ылайык, Коомдук комиссиялар саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн, көз карандысыз эксперттерден, илимпоздордон, адистерден, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жана укук коргоо органдардын өкүлдөрүнөн түзүлөт. Ошондой эле, Жумушчу кеңешмеге БШК төрагасынын орун басарлары Г. Джурабаева жана А. Шайымкулова, БШК аппаратынын жетекчиси М. Султанов, БШКнын Бишкек аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү М. Турумбеков жана Бишкек АШК мүчөлөрү катышышты. Иш чараныны жүрүшүндө Г. Джурабаева 2001-2012-жылдары шайлоочулардын тизмелери кандай түзүлүп келгендиги тууралуу кыскача маалымат берди. Ошондой эле, ал өз сөзүндө шайлоочулардын тизмелерин түзүүгө жооптуулар бийликтин аткаруучу органдары болуп, шайлоочулардын тизмелерин тактоо боюнча иштер шайлоону дайындоо жөнүндө жарыя чыккандан кийин гана башталып жүргөндүгүнө жана Шайлоо жөнүндө кодексте шайлоочулардын тизмелерин түзүүнүн бирдиктүү тартибин регламенттеген ченемдер жок болгондугуна байланыштуу, бийликтин жергиликтүү органдары шайлоочулардын тизмелерин тактоо ыкмаларын өзүлөр аныктагандыгына ж.б. токтоду. Төраганын орун басары, АШКга караштуу Коомдук комиссияларды түзүүнүн максаты бул - каттоо кызмат органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шайлоо комиссиялардын өз ара аракеттенүүсүнө жардам көрсөтүү, ошондой эле шайлоочулардын тизмелерин түзүүнүн ачык-айкындыгын камсыз кылуу болгондугун белгиледи. Аталаган иш чаранын катышуучулары шайлоочулардын тизмелерин түзүүнүн ачык-айкындыгын камсыз кылуу маселелери, Бишкек АШКна караштуу Коомдук комиссиясынын курамы боюнча талкулоо жүргүзүп, өз пикирлери менен алмашышты. Жумушчу кеңешменин жүрүшүндө, Коомдук комиссиясынын курамына кирүүгө каалаган саясий партиялардын жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясына кат жөнөтүүгө тийиш экендиги тууралуу чечим кабыл алынды. Эгер талапкерлердин саны Коомдук комиссиясынын мүчөлүгүнүн бекитилген санынан ашса, анда чучукулакөткөрүлөт. Маалымат үчүн: Жобого ылайык, Коомдук комиссия өз ишин акысыз жана ыктыярдуу негизде ишке ашыруучу кеңешүүчү, консультативдүү орган болуп эсептелинет жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын, саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн, көз карандысыз эксперттердин, окумуштуулардын, адистердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын (ЖӨБ) жана укук коргоо органдардын өкүлдөрүнүн ичинен түзүлөт. Коомдук комиссиянын курамы 7 адамдан кем эмес жана 13 адамдан ашпаган санда болууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (1793). 13 Июля 2012 г. |