Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында 2012-жылдын 9-ноябрынан тартып түз байланыш өз ишин баштады |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында 2012-жылдын 9-ноябрынна тартып түз байланыш иштеп баштады. Шайлоочулар өзлөрүн шайлоочулардын тизмелеринен 0-312-62-09-09 телефон аркылуу тактап алууга мүмкүнчүлүгү бар. Маалымат алуу үчүн шайлоочу фамилиясын, атын, атасынын атын айтууга милдеттүү. Эскерте кетсек, 2012-жылдын 15-ноябрына чейин шайлоочу тмөнкүлөргө укуктууе: - шайлоочулардын тизмеси менен шайлооучасткасында таанышууга; - шайлоочулардын тизмесинде жеке маалыматтардын жок болушу тууралуу участкалык шайлоо комиссиясына жазуу түрүндө кайрылууга; - шайлоочулардын тизмесиндеги жеке маалыматтарындагы кандай бобосун ката же так эместик жөнүндө участкалык шайлоо комиссиясына жазуу түрүндө кайрылууга. 2012-жылдын 15-ноябрында участкалык шайлоокомиссиялар арыздарды кабыл алууну токтотот Шайлоо күнү шайлоочулардын тизмелерине киргизилген шайлоочулар гана добуш берүүгө укуктуу. Кошумча тизме түзүлбөйт. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (1990). 9 Ноября 2012 г. |