МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясында маалыматтарды иштеп чыгуу Борборунун ачылышы болду.

БУУнун Өнүктүрүү Программасынын шайлоону колдоого алуу боюнча Долбоору КР БШКга маалыматтарды иштеп чыгуу Борбору үчүн 30 компьютер, 2 сервер, 3 принтер, 32 UPS (ток менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу булагы), ошондой эле тармактык жабдууларды берди. 

Кыргызстанда шайлоо өнөктүктөрүн өткөрүүнүн  тарыхында биринчи жолу добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү Протоколдорду  факс аппараттары аркылуу тез арада берүү системасы колдонулду. Толтурулган протоколдор  боюнча маалыматтар чогултулат жана маалыматтарды иштеп чыгуу Борборунда иштелип чыгат, бул болсо  КР БШКга шайлоо аяктагандан кийин саналуу гана сааттарда анык маалыматтарды алууга мүмкүндүк түзөт жана орто жолдо аларды бурмалоону жокко чыгарат.

Борбордун ачылышы 2010-жылдын 10-октябрында 21:00дө БШКнын имаратында БШКнын Төрагасы А.А.Сариевдин жана БУУнун Борбордук Азиядагы Атайын Өкүлү Мирослав Енчтин катышуусу менен өттү. 

Жалпы суммасы жарым миллион АКШ доларынан ашуунду түзгөн  факс аппараттарын, маалыматтарды иштеп чыгуу Борбору үчүн жабдууларды жана шайлоону өткөрүү үчүн башка материалдарды өткөрүп берүү жөрөлгөсү 2010-жылдын 1-октябрында БШКда анын башчысы А.А.Сариевдин, БШК мүчөлөрүнүн, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын, Евробирликтин жана ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусунда  өткөрүлгөн.

БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Кыргыз Республикасында шайлоону колдоого алуу боюнча Долбоору Европа Союзу, Австрия Өкмөтү жана БУУнун Өнүктүрүү Программасы тарабынан финансыланат.

 

Карап чыгуулар: (2052). 10 Октября 2010 г.