МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

КР Борбордук шайлоо комиccиясына КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө “Ата –Мекен”, “Эркин Кыргызстан” партиялары протоколдорун тапшырышты

2011-жылдын 8-август күнүнүн экинчи жарымында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө “Ата –Мекен” жана “Эркин Кыргызстан” саясий партияларынан протоколдор келип түштү. “Ата- Мекен” партиясы партиянын төрагасы, 1958 – жылы туулган, Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин депутаты Өмүрбек Текебаевдин, ал эми “Эркин Кыргызстан” партиясы партиянын лидери, 1958 –жылы туулган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, философия илимдеринин кандидаты Турсунбай Бакир уулунун талапкерлигин көрсөтүштү.

Өзүн өзү көрсөткөндөрдүн тизмесин төмөнкү талапкерлер: 1962 –жылы туулган, жеке ишкер Өмүрбүбү Бегалиева, 1969-жылы туулган, убактылуу иштебеген Төрөбай Колубаев, 1952–жылы туулган, техника илимдеринин кандидаты, “Чүйэлектро” ЖЧКсынын директорунун кеңешчиси Алманбет Матубраимов толукташты.

2011 –жылдын 8 –августуна карата КР Президентинин кызмат ордуна 41 талапкер көрсөтүлдү, алардын 9 – саясый партиялардан, 32 – өзүн өзү көрсөткөндөр.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна саясый партиялардан төмөнкү талапкерлер көрсөтүлгөн: Замирбек Парманкулов, 1971 –ж. т. (“Кыргызстандын жумушчу партиясы” саясый партиясы),  Бектур Асанов, 1967 ж.т. (“Эгемен Кыргызстан” саясый партиясы); Исхак Масалиев (Кыргызстан коммунистеринин партиясы); Камчыбек Ташиев (“Ата –Журт” партиясы); Адахан Мадумаров (“Бүтүн Кыргызстан” – (“Единый Кыргызстан”), Эркин Булекбаев (“Кыргызстандын жашылдар партиясы”), Арстанбек Абдылдаев (“Эл үчүн” (“За народ” партиясы).

Буга чейин өзүн өзү көрсөткөндөр:  

Жаныш Рустенбеков, 1946-ж.т., Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси; Муканбайжан Айманбаев, 1956–ж.т., убактылуу иштебейт; Качкынбай Кадыркулов, 1955–ж.т., “Айылдык кеңеш кызматы” коомдук фондунун координатору; Сооронбай Дыйканов, 1969 – ж.т. “Кара –Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасынын директору; Оомат Казакбаев, 1959 –ж.т. убактылуу иштебейт; Нышанов Назарбек, 1961 – ж. Т., “Лига –Антикризис” коомдук бирикмесиинин президенти, Кыргызстандын патриоттук партиясынын Генералдык катчысы, Ырыскелди Ыбышев, 1952 ж.т., Бишкек шаарындагы КМУУ аяктаган, “Перинур” газетасынын баш редактору, Кыргызстан коммунистеринин партиясынын мүчөсү; Виктор Виноградов, 1954 –ж. т., “KGinform. Com маалыматтык порталынын баш редактору; Акылбек Жапаров, 1964 ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине “Ар-Намыс” саясый партиясынан депутат, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана каржы боюнча Комитетинин төрагасы, экономика илимдеринин доктору, РАЕН академиги; Жаныбек Сүйналиев, 1955 –ж.т., жумушсуз, Фрунзе политехникалык институтун аяктаган; Акбаралы Айтикеев, 1958 –ж.т., КМШ, Балтика жана Чыгыш Европа (МКПП) өлкөлөрүнүн, 22 (жыйырма эки) мамлекеттин (Москва шаары, Россия Федерациясы) эл аралык өнөржайчылар жана ишкерлер Конгрессинин Вице – Президенти, “Кыргыз Республикасынын өнөр –жай, айыл-чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо Партиясы” саясый партиясынын төрагасы, 2005 жана 2009 – жылдарда Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер; Өмүрбек Бөлтүрүков, 1955-ж.т., “Бөлтүрүк” Дыйкан чарбасынын директору; Асида Иманалиева, 1968 –ж.т., убактылуу иштебейт; Сазыкбай Турдумалиев 1954-ж.т., “Центр комплексного снабжения” ЖЧК генералдык директору, “Улутман” Республикалык партиясы” саясый партиясынын төрагасы; Каримов Алмазбек Ташполотович, 1972-ж.т., “ЮТС-Медиа” генералдык директору, Өмүрбек Суваналиев, 1960-ж.т., милициянын отставкадагы генерал-майору; Дамира Токтосунова, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Сайнидин Султанидинов, 1955-ж.т., Латвия Республикасынын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; Эрнис Айтымбетов, 1964-ж.т., КР Президентинин иш Башкармалыгынын ички аудит бөлүмүнүн референти; Өмүрбек Эгембердиев, 1956-ж.т., “Инсанат” эл аралык фондунун президенти; Улугбек Бабакулов, 1971-ж.т., “МК Азия” газетасынын башкы редактору; Темиркул Өмүралиев, 1960-ж.т., убактылуу иштебейт; Болотбек Казакбаев, 1957-ж.т., КР Коргоо министрлигинин отставкадагы полковниги; Нурлан Мотуев, 1969-ж.т., “Азамат Компани” ЖЧКнын Генералдык директору; Курманбек Осмонов, 1953-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Журт” саясый партиясынын мүчөсү; Жылдызбек Стамбаев, 1971-ж.т., убактылуу иштебейт; Тургунбек Нарикеев, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Барктабас Аземкулов, 1967-ж.т., КР Аскердик сотунун судьясы.

 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 16-августунда, талапкерлерди каттоо 2011 –жылдын 25 -сентябрында аяктайт. Ушул күндөн тартып, талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат жана ал 2011 –жылдын 29 –октябрында аяктайт. КР Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган.   

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (1868). 8 Августа 2011 г.