МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Кыргызстанга Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Елена Дубровина иш сапар менен келишет

2011-жылдын 30-августунда Кыргызстанга Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (РФ БШК) мүчөсү Елена Дубровина жана РФ БШК аппаратынын тышкы байланыштар Башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы Игорь Евланов иш сапар менен келиши күтүлүүдө.

Иш сапардын жүрүшүндө РФ БШК өкүлдөрү Кыргыз Республикамынын Эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына арналган майрамдык мааракелерге катышып жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо даярдыктардын жүрүшү менен таанышуу максатында кээ бир участкалык жана аймактык шайлоо комиссияларына барышат.

2011-жылдын 2-сентябрында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов менен КР БШКнын мүчөлөрү менен жолугушуулар өтөт. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин айрым депутаттык фракциялардын лидерлери менен жолугушуулар пландаштырууда.

РФдан келген коноктор Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитеттин төрагасы Галина Скрипкина  менен жолугушууга ниеттенүүдө.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

 

 

Карап чыгуулар: (2157). 30 Августа 2011 г.