Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүү башталды |
Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүү башталды. Эртең мененки саат 8:00дө 214 шайлоо участкасы ачылды, шайлоочулардын тизмесине 272 194 шайлоочу киргизилген. Бүгүн шайлоо 41 жергиликтүү кеңеште, 8 шаардык жана 33 айылдык кеңеште болуп өтөт. 21 кеңеште кезектеги жана 20 кеңеште мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Мөөнөтүнөн мурда шайлоолор Айдаркан, Кадамжай, Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Кара-Балта, Кемин шаарларында, кезектеги шайлоолор Ноокат жана Көк-Жаңгак шаарында өтөт. Бардыгы 811 депутат шайланышы керек, анын ичинен- 651и айылдык кеңештин депутаты жана 198и шаардык кеңештин депутаты. Бул үчүн 117 шайлоо округдары түзүлдү. Шайлоого катышуу үчүн өлкө боюнча 4 423 талапкер (1 872 талапкер айылдык кеңештерге жана 2551 талапкер шаардык кеңештерге) катталган. 27-майда бардык жерде ден соолук мүмкүнчүлүгүнө же башка себептерге байланыштуу добуш берүү участкаларына келе албаган шайлоочулар үчүн добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү болуп өттү. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү үчүн 1751 шайлоочунун арызы катталган, алардын ичинен 1364ү добуш беришти. 104-шайлоочу ордунда жок болуп чыкты, 53 шайлоочунун паспорту жок, 5 жарандын паспорту эски үлгүдөгү паспорт экен, 106 шайлоочу башка себептер менен (идентификациядан өтпөгөндүк ж.б.) добуш беришкен жок. Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан “Өзүңдүн шайлоо участогуңду акысыз SMS-билдирүү аркылуу билип ал” жаңы интерактивдүү тейлөө кызматы киргизилген. Бул үчүн “119” кыска номерине өзүңүздүн ПИНди ( 14 сандагы жеке идентификациялык номер) жибересиз жана система шайлоочунун кайсы участокко кире тургандыгына автоматтык түрдө жооп берет. Өткөн шайлоолордо айрым шайлоочулар манжаларынын изи боюнча биометриялык идентфикациялоодон өтпөгөндүктөн добуш бере албай калышкан. Муну эске алып, шайлоочуну бетинин биометриялык параметри боюнча идентификациялоо (камераны колдонуу аркылуу) кошумча мүмкүнчүлүгү киргизилген. 2017-жылдын 28-майында, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо күндө, КР БШКда төмөнкү номерлер боюнча : 1255, 62-62 55, 62-02-40 “түз линия” иштеп жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын адистери жарандардын суроолоруна жооп беришет, ошондой шайлоо участкаларындагы укук бузуулар жөнүндө маалыматтарды кабыл ала алышат.
Борбордук шайлоо комиссиясына добуш берүү күнүнө чейин 7 даттануу (арыз) келип түшкөн. Алардын ичинен – 3 даттануу аймактык шайлоо комиссиясынын аракетине, 1 даттануу добушту сатып алуу боюнча, 3өө мыйзамдын айрым ченемдерин түшүндүрүү боюнча. Бардык даттануулар жана арыздар өз убагында каралды жана жооп берилди. БШК эске салат, добуш берүү дайындалгандан бери: шайлоочуларды сатып алууга, акча каражаттарын төлөөгө, белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды тапшырууга тыюу салынат. БШК жарандардан сатып алуу фактылары жөнүндө, укук коргоо органдарына чара көрүү үчүн кайрылууну өтүнөт. Сатып алуу кылмыш-жазасына кирет. БШК, шайлоочулардын, талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын добуш берүү күнүндө келип түшкөн арыздары (даттануулары) прокуратура жана ички иштер органдары тарабынан дароо кароого жатарын эске салат. Мамлекеттик же башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын, жарандын шайлоо укугун жана мыйзам талаптарын бузган чечими жана (же) аракети (аракетсиздиги) прокуратурада, ички иштер органдарында же сотто Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанылышы мүмкүн. Шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиянын коммерциялык эмес уюмдардын, алардын өкүлдөрү, байкоочулар мамлекеттик жана башка органдарга, алардын жетекчилерине, жана башка шайлоо процессинин катышуучулардын аракеттерине (аракетсиздигине) жана чечимдерине арыз даттануулар менен кайрыла алат. Арыз даттануулар кайсы негизге таянып жазылып жатканы далилдүү көрсөтүлүшү керек. Прокуратура жана ички иштер органдары даттануулар (арыздар) боюнча кабыл алынган чечимдердин көчүрмөсүн токтоосуз түрдө тийиштүү шайлоо комиссиясына жөнөтөт. Прокуратура жана ички иштер органдары арыз-даттанууларды кароодон баш тарткан учурда, баш тартуунун негизин түшүндүргөн чечимдин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү. БШК ар кандай укук бузууларга каршы натыйжалуу жана тез чара көрүү максатында шаар жана райондордогу аймактык комиссияларда укук коргоо органдары менен биргелешип тез чара көрүүчү координациялык топ уюштурду. 2017-жылдын 28-майында Шайлоо комиссиясынын имаратынын 3-кабатында пресс-борбор иштеп, саат Маалыматтык брифингде 11.00, 14.00, 18.00 жана 21де добуш берүү тууралуу маалыматтар берилип турат . БШКнын Аппаратынын маалыматтык бөлүмү |
Карап чыгуулар: (1406). 28 Мая 2017 г. |