БШК: 2013-жылдын 15-апрель күнү республиканын 12 айылында айыл өкмөт башчыларын шайлоо өткөрүлөт |
Бүгүн 15- апрелде, республиканын 12 айылдык аймактарында айыл өкмөт башчыларын шайлоо өтөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо, Жайыл районундагы Сары-Булак Чүй районундагы Искра, Жумгал районундагы Жаңы-Арык, Лейлек районундагы Жаңы-Жер, Кадамжай районундагы Чаувай, Ак-Турпак, Алай районундагы Гүлчө, Чоң-Алай районундагы Жекенди, Ноокат районундагы Кара-Таш,Кеңеш, Өзгөн районунудагы Дон-Булак, Чаткал районунудагы Терек- Сай айылдык аймактарында өткөрүлөт. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды. Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (2153). 15 Апреля 2013 г. |