Кыргызстанда бардык шайлоо участоктору өз ишин аяктады |
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, саат 20.00дөбардык шайлоо участоктору өз ишин аяктады. Бюллетендер саат сегизге чейин добуш берүүгө катышуу үчүн участокторго кирген шайлоочуларга гана берилет. “Добуш берүү аяктагандан кийин бүт маалыматон-лайнрежиминде серверлерге өткөрүлүп берилет”, деди Н.Шайлдабекова. Ал, ошондой эле, азыркы учурда саат 17.00гө карата маалыматтар жана саат 18.00гө карата жарым-жартылаймаалыматтар бар экенин белгиледи. Анын айтуусу боюнча болжолу саат 21.00дөБШК шайлоонун алгачкы жыйынтыктарын бере алат, ал эми эң акыркы биротоло маалыматтар бюллетендерди кол менен санагандан кийин гана белгилүү болот.
КР БШКнын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (1559). 11 Декабря 2016 г. |