Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин тизмеси 25 адамдан турат |
2011-жылдын 28-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин тизмеси дагы бир жаңы талапкер менен толукталды-Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке көрсөтүү ниети жөнүндө өзүн өзү көрсөткөн экономикалык илимдердин доктору, РЕАН академиги Акылбек Жапаров, 1964-жылы туулган, “Ар-Намыс” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, КР ЖКнын бюджет жана финансы боюнча Комитетинин төрагасы, мурдагы КРнын биринчи вице-премьер министри, КРнын экономикалык жөндөө министри, КРнын финансы министри арыз менен кайрылды. Мурда төмөндөгү өзүн өзү көрсөткөндөр арыз беришкен: Жаныбек Сүйналиев, 1955-жылы туулган, жумушсуз, Фрунзедеги политехникалык институтун бүтүргөн. Мындан тышкары өзүн өзү көрсөткөндөр болуп эсептелгендер: Акбаралы Айтикеев, 1958-ж.т. КМШ, Балтика жана Чыгыш Европа (МКПП)-22 (жыйырма эки) мамлекеттердин (Москва шаары, Россия Федерациясы) өнөржайчыларынын жана ишкерлеринин Эл аралык Конгрессинин Вице-Президенти, “Кыргыз Республикасынын өнөр жай, айыл чарба кызматчыларынын жана жетишсиз үй бүлөлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо партиясы” саясий партиясынын төрагасы, 2005 жана 2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер, Өмүрбек Бөлтүрүкөв, 1955-ж.т., “Бөлтүрүк” Дыйканчылык чарбасынын директору, Асида Иманалиева, 1968-ж.т., убактылуу иштебейт, Сазыкбай Турдумалиев, 1954-ж.т., “Центр комплексного снабжения” ЖЧК генеральный директору, “Улутман” Республикалык партиясы” саясый партиясынын төрагасы, Каримов Алмазбек Ташполотович, 1972-ж.т., “ЮТС-Медиа” генералдык директору, Өмүрбек Суваналиев, 1960-ж.т., отставкадагы милициянын генерал-майору, Дамира Токтосунова, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Сайнидин Султанидинов, 1955-ж.т., Латвия Республикасынын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; Эрнис Айтымбетов, 1964-ж.т., КР Президентинин иш Башкармалыгынын ички аудит бөлүмүнүн референти; Өмүрбек Эгембердиев, 1956-ж.т., “Инсанат” эл аралык фондунун президенти; Улугбек Бабакулов, 1971-ж.т., “МК Азия” газетасынын башкы редактору; Темиркул Өмүралиев, 1960-ж.т., убактылуу иштебейт; Болотбек Казакбаев, 1957-ж.т., КР коргоо Министрлигинин отставкадагы полковниги; Нурлан Мотуев, 1969-ж.т., “Азамат Компани” ЖЧКнын Генералдык директору; Курманбек Осмонов, 1953-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Журт” саясый партиясынын мүчөсү; Жылдызбек Стамбаев, 1971-ж.т., убактылуу иштебейт; Тургунбек Нарикеев, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Барктабас Аземкулов, 1967-ж.т., КР Аскердик сотунун судьясы. Саясий партиялардан төмөндөгү талапкерлер көрсөтүлүштү: Исхак Масалиев (Кыргызстан коммунисттер партиясы), Камчыбек Ташиев (“Ата-Журт” партиясы), Адахан Мадумаров (“Бүтүн Кыргызстан” (“Единый Кыргызстан”), Эркин Булекбаев (“Партия зеленых Кыргызстана” партиясы), Арстанбек Абдылдаев (“Эл үчүн” (“За народ”) партиясы). Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 16-августунда аяктайт. КР Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (2509). 28 Июля 2011 г. |