КР Жогорку Кеңешинин депутаты Жыргалбек Саматовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө КР БШКнын чечимин Жогорку Сот мыйзамдуу жана негиздүү деп тапты |
Бүгүн 2016-жылдын 21-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун сот коллегиясы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2016-жылдын 15-июлундагы чечимин жокко чыгаруу тууралу Ж.Саматовдун көзөмөлдөө даттануусун карап чыгып, КР Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.А.Саматовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу КР БШК токтому мыйзамдуу жана негиздүү деп табылган Биринчи май райондук сотунун 08.07.20160-ж токтомун күчүндө калтырды. Эскерте кетели, БШК өзүнүн чечимин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына эл аралык тапшырманын материалдарынын негизинде чыгарган, ага ылайык Ж.А.Саматовдун Россия Федерациясынын жарандыгы фактысы такталган. КР БШК Басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (1464). 21 Июля 2016 г. |