Жалал-Абад, Нарын, Баткен жана Чүйоблустарынын кээ бир аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди |
2016-жылдын 13-ноябрында БШК жыйынында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынынБишкек шаардык кеңешинин бош калган депутаттык мандатын кийинки депутаттыкка талапкерге өткөрүп берүү жана аларды каттоо тууралуу чечимдери бекитилди. “Республика” саясий партиясынан бош калган мандаттар кезек боюнча кийинки депутаттыкка талапкерлер Алымбаев Алайбек Анаркуловичке, Мидин уулу Канатбеккежана Садыков Ильдар Вахидовичке өткөрүп берилди. БШК мүчөлөрү Сатар уулу Кайыпбекти берген арызына байланыштуу “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу тууралуу чечим кабыл алды. КР БШКнын токтому менен Жалал-Абад облусунун Чаткал, Базар-Коргонаймактык шайлоо комиссияларынын (АШК), Нарын облусунун Ат-БашыАШКнын, Баткен облусунунЛейлекАШКнын,Чүй облусунунПанфилов, Москва АШКларынынкурамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди.Резервден комиссиялардын курамына Субанова Самара Жээнбековна, Калмуратов Арапбай Умарович, Сактанова Бурайма, Шеркулов Исламбек Батырбекович, Абдуллаев Тахиржон Гапуржанович, Мурза-Акимов Муратбек, Акбаева Жыргалбүбү Асанакуновна, Шамалова Анара Дүйшөбековна, Мисирова Айтбүбү Байкозуевна, Балтабаев Асылбек Маликович, Ешбаев Абдирашит Баетович, Исламов Юсупали Турсунбаевич Джумагулов Азамат Курманбекович, Жаналиева Назгүл Жеңишбековна, Алманиязов Рашид Абдылдаевич, Касымова Үпөл Каныбековна киргизилди. Чүй облусунун Москва, Сокулук АШКларынын жанаНарыноблусунун Нарын шаардык АШКнынкайрылууларынын негизинде төмөнкү шайлоо участокторунун жайгашуу орду өзгөртүлдү: - Чүй облусунун Москва районунун Садовский айыл аймагынын №7279шайлоо участогу (Колхозчулардын Дворецинен Садовский айыл өкмөтүнүн имаратына); - Чүй облусунунСокулук районунун Сокулукайыл аймагынын№7212шайлоо участогу(Маданият үйүнүн имаратынан А. Жакшылыков атындагы№1 мектеп-гимназиясынын имаратына); - Нарыншаарынын №4063 шайлоо участогу (көркөм-өнөр мектебинин имаратынанНарын райондук санитардык-эпидемиологиялык контролунунимаратына); - Нарын шаарынын №4065шайлоо участогу (Маданият үйүнүн имаратынан облустук китепкананын имаратына). КР БШКнын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (1403). 13 Ноября 2016 г. |