Депутаттар бюллетендерди саноочу үкөктүн иштөө тартиби менен таанышты |
БШКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда 10-апрелде КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.К. Шайлдабекова «Кыргызстан» саясий партиясынын жетекчилиги менен жолугушту. Жолугушууга А. Баатырбеков, Н. Алимбеков жана Т. Байтикеев ошондой эле өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызматташуу маселесин жана саясий партиялар менен БШКнын ортосундагы шайлоо учурундагы аткарылчу иш пландар талкууланды. Андан тышкары шайлоо тууралуу мыйзамды өркүндөтүү боюнча БШКнын демилгеси талкууланып, аталган партиянын фракция мүчөлөрү шайлоо учурунда комиссияга колдоо көрсөтө тургандыктарын билдиришти. Жолугушуунун аягында алар эсептөө Борборунун ишмердиги жана бюллетендерди саноочу үкөктүн иштөө тартиби менен таанышты. Бул жолку жолугушуу саясий маданиятты жогорулатуу жана шайлоо процессине катышкан бардык тараптардын өз ара аракеттериинин деңгээлин жогорулатууга болгон БШКнын саясий партиялардын лидерлери менен биринчи жолугушуусу болду.
|
Карап чыгуулар: (1396). 13 Апреля 2017 г. |