2016-жылдын 27-мартында өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого партиялар жана талапкерлер көрсөтүлдү |
2016-жылдын 27-мартында кезектеги жана мөөнөтүнөн мурда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өткөрүлөт. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күн калганда аяктайт, ошол эле убакта айылдык кеңещтердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күн калганда аяктайт. Айылдык аймактык жергиликтүү кеңештерине талапкерлерди көрсөтүү укугу – саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен. Айылдык кеңештерге Баткен облусу боюнча жалпысынан 105 талапкер көрсөтүлдү, Жалал-Абад облусу боюнча – 76 талапкер, Ош облусу боюнча – 49 талапкер, Ысык-Көл облусу боюнча – 35 талапкер, Чуй облусу боюнча – 200 талапкер, Нарын облусу боюнча – 433 талапкер. Аймактык шайлоо комиссиялар шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого катыша турган төмөнкү партияларды каттады: Майлуу-Суу шаары «Эмгек» СП, «КСДП», «Өнүгүү-Прогресс» СП, «Республика – Ата-Журт» СП, «Ата-Мекен» СП. Токмок шаары «Эмгек» СП, «ЭлАман» СП, «Республика – Ата-Журт» СП, «Ата-Мекен» СП, «СДПК», «Замандаш» СП, «Кыргызстан» СП, «Демократ» СП, «Партия справедливости и развития (ПСР) «АК», «Онугуу-Прогресс» СП, «Бир-Бол» СП. Каракол шаары «Табылга» СП, «СДПК», «Улуу-Кыргызстан» СП, «Республика – Ата-Журт» СП, «Ата-Мекен»СП,« Эмгек» СП, “Кыргызстан» СП, «Мекен Ынтымагы» СП, «Бир-Бол» СП, «Партия зеленых Кыргызстана» СП, «Онугуу-Прогресс» СП, «Аалам партия беспартийных» СП, «Мурас» СП. Балыкчы шаары «Замандаш» СП, «СДПК» СП, «Кыргызстан» СП, «Республика – Ата-Журт» СП, «Аалам партия беспартийных» СП, «Онугуу-Прогресс» СП, «7-апрель Жаштар кыймылы» СП, «Ата-Мекен» СП, «Конгресс народов Кыргызстана» СП, «Улуу-Кыргызстан» СП, «Мекен Ынтымагы» СП, «Бир-Бол» СП, «Эмгек» СП, «Коммунистическая партия Кыргызстана» СП. Кемин шаары «Бир-Бол» СП, «Кыргызстан» СП, «Улуу-Кыргызстан» СП, «СДПК», Эмгек» СП, «Онугуу-Прогресс» СП, дыйкандар, фермеров «Баба-Дыйкан» СП, «Республика – Ата-Журт» СП, «Замандаш» СП, «Ата-Мекен» СП. Ош шаары «Бир-Бол» СП, «Куч биримдикте» СП, «Онугуу-Прогресс» СП, «Демократ» СП, «Республика – Ата-Журт» СП, «Кыргызстан» СП, «Ата-Мекен» СП, «Ата-Журт» СП, «Мекеним Кыргызстан» СП, «Коммунистическая партия Кыргызстана», «СДПК», «Эмгек» СП, «Аалам партия беспартийных» СП. КРнын БШК Басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (1723). 9 Марта 2016 г. |