“Жолтоосуз жашоо үчүн” партиясынын мүчөлөрүнүн айткандары чындыкка дал келбейт |
2012-жылдын 15-ноябрында «24 kg» маалыматтык агенттигинде өткөрүлгөн пресс-конференциянын жүрүшүндө “Жолтоосуз жашоо үчүн” партиясынын төрагасы Мирбек Асангариев, ушул партиянын мүчөсү маалыматтык кампанияга 168 миллион сом бөлүнгөнүн, 30 пайыздан ашык эмес чыгымдалганын ал эми БШК шайлоолорду өткөрүүгө бөлүнгөндөрдү жашырып жаткандыгын билдиришкен. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары-БШК) 168 миллион сом жалаң кана маалыматтык кампанияны өткөрүүгө бөлүнгөн эместигин, буга 2012-жылдын 25-ноябрдагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого бөлүнгөндүгү да кире тургандыгын түшүндүрөт. БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого чыгымдарды эч убакта жашырбайт. “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн чыгымдарынын сметасын бекитүү жөнүндө” БШКнын 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 103 токтому кабыл алынгандан кийин “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүүдөгү бюджеттик каражаттар боюнча 2012-жылга карата чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө” токтом жана тиркеме “Эркин Тоо” газетасынын 2012-жылдын 28-сентябрындагы №85 жарыяланган жана БШКнын сайтынын “Токтомдор” бөлүмүнө жайгаштырылган. Жогоруда көрсөтүлгөн партиянын мүчөлөрүнүн БШКнын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдарынын так эмес маалымдоолорун жайылткандыктарына байланыштуу БШК дагы бир жолу маалыматтарды окурмандардын көңүлүнө жеткирет (сом менен): - эмгек акы – 31 031 400; - Соцфондго чегерүү – 5 485 200; - кызматтык сапарлар – 2 952 900; - коммуналдык кызматтар – 3 668 000; - транспорттук каражаттардын ижарасы – 4 545 000; - транспорттук кызматтар – 6 086 200; - Башкалар (бюллетендерди даярдоо, маркирлөө каражаттарын, картриджерди сатып алуу) – 114 852 600. Бардыгы, чыгымдар сметасы 168 621 300 сомду түзөт.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (2256). 16 Ноября 2012 г. |