МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

БШКнын төрагасынын орун басары А.Б.Абдрахматова Бишкектеги Улуттук университеттеги “Шайлоо: өлкөнүн саясий турмушундагы гендердик теңчилик” аттуу тегерек столго катышты.

Бүгүн  Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин Юридикалык факультетинин Конституциялык жана административдик укук кафедрасынын башчысы юридика илимдеринин кандидаты, доцент Т. А. Саякбаевдин төрагалыгынын астында “Шайлоо: өлкөнүн саясий турмушундагы гендердик теңчилик” аттуу тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго академиялык коомчулуктун, укук коргоочулардын өкүлдөрү жана  саясий ишмерлер катышты.

Тегерек столдо БШКнын төрагасынын орун басары А.Б.Абдрахматова,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана шаардык кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин тизмесин түзүүдө, бир жыныстуу талапкерлердин саны 70 пайыздан көп эмес болушу,  аялдар менен эрекектердин кезегинин айырмасы 3 позициядан кем эместиги, саясий партияларга мыйзам ченемдери менен  милдеттенме катары бекитилгендигин билдирди.  

Бирок, А. Б. Абдрахматова гендер боюнча мыйзам нормаларынын квотасы,  саясий партиялар тарабынан талапкерлердин тизмесин түзүүдө, алардын тизмеси шайлоо комиссиялары тарабынан катталган маалында гана сакталып, шайлоодон кийин ар кандай себептер менен  көптөгөн аялдар тизмеден чыгып кеткендерин баса белгиледи. Ушуга байланыштуу шаардык кеңештерге жана Жогорку Кеңешке шайланып иштеген депутат айымдардын  саны мыйзам чыгаруучулардын мурунку аялзатын мамлекеттик ишке көбүрөөк аралаштыруу чечимине  төп келбей  калууда. Ал эми айылдык кеңештерге аял депутаттардын саны  статистика көрсөткөндөй  жыл сайын азайууда.

Ал эми Кыргыз  Мамлекеттик Юридикалык Академиясынын  «Философия жана социалдык-гуманитардык илим» кафедрасынын башчысы С.М. Абдрасулов тегерек столдун катышуучуларына  кайрылып: “Өлкөдө ирээти жок үй-бүлөдө орчундуу маселелер көп болот. Мисалы гендер же балдар маселеси. Ар бир үй-бүлө, мамлекет, өз өзөгүнөн өсүп өнүгүшү керек. Кыргыз маданиятынын башаты теңдикте жатат. Эр–эпчи тең, бири-бирине жөлөк таяк болушу керек, бири бирин толукташ керек”-деп айтты.


БШК Аппаратынын маалымат бөлүмү




Карап чыгуулар: (1271). 25 Мая 2017 г.