МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

КР БШКнын төрагасынын орун басары А.Абдрахматова “Адилет” Укук Клиникасы” коомдук фонду “Шайлоо өткөрүү мезгилинде жарандардын шайлоо укугун коргоо” темасында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмен) аппараты үчүн семинарда чыгып сүйлөдү

2017-жылдын 25-майында “Адилет” Укук Клиникасы” коомдук фонду “Шайлоо өткөрүү мезгилинде жарандардын шайлоо укугун  коргоо” темасында  Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмен) аппараты үчүн семинар өткөрдү. Баяндамачы катары КР БШКнын төрагасынын орун басары А.Абдрахматова чыгып сүйлөдү.

Кыргызстанда 2014-жылдан бери шайлоочулардын добушун автоматтык эсептөө системасы жана шайлоочуларды биометриялык маалыматтары боюнча идентификациялоону пайдалануу менен шайлоо процессинин жаңы модели киргизилген. Өлкөнүн Президентин шайлоону жөнгө салуучу, шайлоо мыйзамындагы жаңы киргизилгендерди, ошондой эле парламент тарабынан шайлоо мыйзамына толуктоолорду эске алганда,  шайлоо процессине катышуучуларды дайыма окутуу өз алдынча актуалдуу болуп саналат.

Акыйкатчы(Омбудсмен) шайлоо укугу эң негизги ролду ойногон Кыргызстанда,  адамдын эркиндиги жана жарандын Конституциялык укугунун сакталышын парламенттик контролдоону жүзөгө ашыруу боюнча өзгөчө мандатка ээ.

Семинардын алкагында шайлоо процессинин ар бир стадиясында жарандардын шайлоо укугунун сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча Акыйкатчынын  шайлоо процессиндеги  статусу маселелери да каралып, стационардык-алдын-ала дарылоо мекемелериндеги, камак жайларындагы, чет өлкөлөрдөгү, ошондой эле ден-соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын, балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн шайлоо укугуна өзгөчө көңүл бурулду.

А.Абдрахматова шайлоодогу талаштуу маселелерди кароонун  өзгөчөлүгү жана шайлоо процессинин катышуучулары тарабынан өздөрүнүн шайлоо укугун коргоодо көп кездешкен каталыктары (даттануу мөөнөтүн жана тартибин сактабагандык) тууралу практикалык негизде  айтып берди.

Семинар “Адилет” УК коомдук фондусунда Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин өлкөнүн шайлоо системасын реформалоо  кызматташтыгынын алкагында Европа Биримдиктин колдоосунда өткөрүлгөнүн белгилей кетишибиз керек.

 

КР БШКнын Аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Карап чыгуулар: (1263). 26 Мая 2017 г.