КР Конституциясынын жаңы редакциясын кабыл алуу маселеси боюнча референдум өткөрүү боюнча демилгелүү топ катталды |
Бүгүн, 19 –августта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Аскарбек Абышевдин, Сооронбай Дыйкановдун, Гайша Ибрагимованын, Өмүрбек Текебаевдин, Кубанычбек Апасовдун, Нариман Түлеевдин, Токтайым Үмөталиеванын, Эркин Булекбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталышты. “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11 – беренесинин 4 – бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 – беренесинин 1 – бөлүгүнүн 1, 2 – пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Констиуциясынын жаңы редакциясынын кабыл алуу боюнча саны 62 адамдан турган демилгелүү топту жана 5 адамдан турган алардын ыйгарымдуу өкүлдөрүн каттады. Борбордук шайлоо комиссиясы ошондой эле Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүү боюнча төмөндөгү документтердин формасын бекитти: референдум өткөрүү боюнча демилгелүү топтун каттоо күбөлүгү; референдум өткөрүү боюнча демилгелүү топтун мүчөсүнүн күбөлүгү; демилгелүү топтун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн күбөлүгү; Кыргыз Республикасынын референдумун жарыялоону колдоодогу колтамга чогултуу баракчасы.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (2773). 19 Августа 2011 г. |