27 жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоо аяктады |
6 шаардык жана 21 айылдык кеӊештердин кезектеги жана мөөнөтүнөн мурда шайлоосу болуп өттү. Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоосунда биринчи жолу Автоматтык эсептөөчү урна жана шайлоочулардын биометрикалык идентификациясы колдонулган. Бул тажрыйба күзүндө боло турган жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоодо дагы колдонулат. Пресс конференциянын жүрүшүндө, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасыТуйгунаалы Абдраимов, шайлоо тынч абалда өткөнүн белгиледи. Шайлоочулардын катышуусу баардыгы 56% түздү. Шайлоого Ош шаарынын тургундары активдүү катышып, ал жерде 62,32 % түздү. Шаардык кеӊештерке төмөнкү партиялар өтүштү: Каракол шаары: СП «Табылга» – 28.51%, КСДП– 13.99%, СП «Кыргызстан» – 10.25%, СП «Республика – Ата-Журт» – 8.89%, СП « Ө нүгүү-Прогресс» – 8.31%. Балыкчы шары: СП «Замандаш» – 20.87%, СП «Кыргызстан» – 13.42%, СП «Республика – Ата-Журт» – 11.25%, КСДП– 11.11%, СП «Ө нүгүү-Прогресс» – 9.46%. Кемин шаары: КСДП– 35.74%, СП «Республика – Ата-Журт» – 17.42%, СП «Замандаш» – 10.13%, СП «Ө нүгүү-Прогресс» – 8.50%, СП «Улуу Кыргызстан» – 8.37%. Токмок шаары: КСДП-36.75%, СП «Кыргызстан» – 20.03%, СП"АК" -11.79%, СП «Республика – Ата-Журт» – 10.45%. Ош шаары: КСДП– 30.61%, СП «Кыргызстан» – 15.73%, СП «Мекеним Кыргызстан» – 11.89%, СП «Республика – Ата-Журт» – 9.74%, СП «Бир Бол» – 8.52%, СП «Ө нүгүү-Прогресс» – 8.08%. Майлуу-Суу шаары: СП «Республика – Ата-Журт» – 40.21%, КСДП – 37.98%, СП «Өнүгүү-Прогресс» – 9.97%, СП «Ата-Мекен» – 7.91%. Бул алдын ала берилген маалыматтар, акыркы жыйынтыктар колго саналган протоколдордун негизинде белгилүү болот-деп Туйгунаалы Абдраимов маалымдады. |
Карап чыгуулар: (2439). 28 Марта 2016 г. |