Участкалык шайлоо комиссияларын түзүү процесси аяктады |
Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына ылайык участкалык шайлоо комиссияларынын курамын түзүү процесси аяктады. Республика боюнча 2289 участкалык шайлоо комиссиялары (УШК) түзүлүп, ишке киришти: - Баткен облусу боюнча - 198; Бишкек шаары боюнча - 204; Жалал Абад облусу боюнча - 417; Ысык-Көл облусу боюнча - 241; Нарын облусу боюнча - 165; Ош облусу боюнча - 479; Ош шаары боюнча - 75; Талас облусу боюнча - 116; Чүй облусу боюнча - 396. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары дүйнөнүн 23 өлкөлөрүндө 29 участкалык шайлоо комиссиялары түзүлгөн. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, республиканын аймагынан тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин аймактарында гана добуш бере алышат. Эске сала кетчү нерсе, республика боюнча 58 аймактык шайлоо комиссиялар түзүлгөн (АШК): - Баткен облусу боюнча - 6; Бишкек шаары боюнча - 4; Жалал Абад облусу боюнча - 12; Ысык-Көл облусу боюнча - 7; Нарын облусу боюнча - 6; Ош облусу боюнча - 7; Ош шаары боюнча - 1; Талас облусу боюнча - 5; Чүй облусу боюнча - 9; КР ТИМ - 1.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (2498). 22 Августа 2011 г. |